Ирандын президенти: «ЭКУнун ролу күчтөндүрүлүшү керек»

Раиси Ашхабадда өткөн ЭКУнун 15-саммитинде Эрдоганга жана Бердымухамедовго ыраазычылык билдирди.

1739800
Ирандын президенти: «ЭКУнун ролу күчтөндүрүлүшү керек»

Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Экономикалык Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн 500 миллион калкка жана дүйнөдөгү энергетикалык ресурстардын үчтөн бир бөлүгүнө ээ экенин белгилеп, уюмдун ролун күчтөндүрүү керектигин айтты.

Раиси Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабадда өткөн ЭКУнун 15-саммитиндеги сөзүн, Түркиянын ЭКУнун 14-мөөнөттүү төрагалыгын аткаргандыгы үчүн президент Режеп Таййип Эрдоганга жана үй ээси Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовго ыраазычылык билдирүү менен баштады.

Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты жеңилдеткен мекемелердин ролун күчтөндүрүүгө маани беришкендерин белгилеген Раиси, ЭКУнун бул мекемелердин бири экенине көңүлдөрдү бурду.

Раиси: «ЭКУ 500 миллион калкка жана дүйнөдөгү энергетикалык ресурстардын үчтөн бир бөлүгүнө ээ болушунан тышкары, Европаны Кытай, Орусия, Перс булуңу жана Инд океаны менен байланыштыруучу абалда»,-деп айтты.

Раиси Ирандын ЭКУну жана анын ишмердүүлүгүн шартсыз колдой турганын баса белгилеп: «Иран Түштүк Азия, Батыш Азия, Борбордук Азия, Кавказ өлкөлөрү жана коңшулары менен карым-катнаштарды өнүктүрүүнү өзүнүн приоритеттери катары карайт»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар