Франциянын президенти Италияда

Макрон Римдеги жолугушууларынын алкагында президенттик сарай Квириналеде италиялык кесиптеши Маттарелла менен жолугушту.

1739199
Франциянын президенти Италияда

 Франциянын президенти Еммануэль Макрон кечээ расмий сапар менен барган Римде Италиянын президенти Сержио Маттарелла жана премьер-министр Марио Драги менен жолугушту.

Макрон Римдеги жолугушууларынын алкагында президенттик сарай Квириналеде италиялык кесиптеши Маттарелла менен жолугушту. Макрон андан кийин премьер - министрликтин Чиги сарайына барып, ал жерде Драги менен жолугушту.

Италия менен Франциянын ортосунда бекемделген эки тараптуу кызматташтык келишимине кол коюлушу күтүлүүдө.

Италия басма сөзүндө Италия менен Франциянын ортосунда кол коюла турган келишимди Франциянын 1935 -  жылы Германия менен түзгөн келишим менен салыштырган комментарийлер орун алды.

Келишим менен эки өлкөнүн ортосундагы көп тармакта кызматташтыкты бекемдөө жана мурда чыр - чатакка себеп болгон темаларда көйгөйлөрдү болтурбоо механизмдерин түзүүнү максат кылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар