Сомалиде бомбалуу кол салуу болду

Кол салууда 8 адам каза болуп, 23 адам жаракат алды.

1738451
Сомалиде бомбалуу кол салуу болду

Сомалинин борбор шаары Могадишодо болгон бомбалуу кол салууда 8 адам каза болду. 

Сомали полициясы кол салуунун Африка Биримдигинин Сомали Миссиясынын конвоюу өтүп бара жаткан учурда бомба жайгаштырылган унаа менен жасалгандыгын билдирди. Кол салууда араларында жарандар да болгон  кеминде 8 адамдын каза болгондугу, 23 адамдын   жаракат алгандыгы белгиленди. 

Кол салуудан Еш - Шебаб жооптуу деп билдирилди. Еш  -  Шебап Сомалиде коопсуздук күчтөрү менен жарандарды бутага алган кол салууларды тез  -  тез ишке ашырууда.

 

 



Тектеш кабарлар