Россияда көмүр шахтасында өрт чыкты

Кырсыкта 6 адам каза болду.

1738566
Россияда көмүр шахтасында өрт чыкты

Россиянын Кемерово облусундагы көмүр шахтасында чыккан өрттөн 6 адам каза болду.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө Кемероводогу көмүр шахтасында болжол менен 250 метр тереңдикте өрт чыкканы белгиленди.

Өрт жана түтүндөн улам шахтадан 237 адам эвакуацияланды. Билдирүүдө 6 жумушчу каза болуп, 44 киши жарадар болгону маалымдалган.

Шахтада  издөө - куткаруу иштери уланууда.



Тектеш кабарлар