Иранда расмий сайттарга кибер чабуул

Кол салуудан таасирленген веб-сайттардын тез арада жабылганы кабарланды.

1738572
Иранда расмий сайттарга кибер чабуул

Ирандагы айрым расмий сайттарга кибер чабуул жасалды.

Ирандын маалымат каражаттары, өлкөнүн айрым расмий мекемелерине багытталган кибер чабуулдарда, интернет хакерлеринин Ирандын диний лидери Али Хаменей жана Элдик Мужахиддер уюмунун лидери Мерйем Режавиге шилтеме кылып, «Хаменейге өлүм – Режавиге салам» жазуусун калтырышканын жарыялады.

Кол салуудан таасирленген веб-сайттардын тез арада жабылганы кабарланды.

Бул кибер чабуулда Адилет министрлиги, Мечит иштери борбору, Ислам илимдери компьютердик изилдөө борбору сыяктуу мекемелердин бутага алынгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар