Сомалидеги кургакчылыктан улам «өзгөчө кырдаал» жарыяланды

Премьер-министр Мухаммед Хусейн Робле өкмөт жыйынынан кийинки билдирүүсүндө Сомалинин элин муктаж болгондорго жардам берүү үчүн биримдикке чакырды.

1737735
Сомалидеги кургакчылыктан улам «өзгөчө кырдаал» жарыяланды

Сомали өкмөтү кургакчылыктын күчөшүнөн улам өлкө боюнча «өзгөчө кырдаал» жарыялады.

Премьер-министр Мухаммед Хусейн Робле өкмөт жыйынынан кийинки билдирүүсүндө Сомалинин элин муктаж болгондорго жардам берүү үчүн биримдикке чакырды.

Өлкөдөгү оор абалдан улам өзгөчө кырдаал жарыяланганын белгилеген Робле эл аралык коомчулуктун жардам көрсөтүү иштерине салым кошуусун суранды.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, 2020-жылдын аягынан бери үчүнчү жолу сезондук жаан-чачындар жетишсиз болгон өлкөдө миллиондогон адамдар тез жардамга муктаж.

Сомали 1990-жылдан бери климаттын өзгөрүүсүнөн улам суу ташкындары жана кургакчылык сыяктуу 30дан ашык кырсыкты башынан өткөрдү.



Тектеш кабарлар