Эйнштейндин кол жазмасы 11, 7 миллион еврого сатылды

Дүйнөгө белгилүү физик Альберт Эйнштейндин 54 барактан турган кол жазмасы Франциянын борбору Париждеги аукциондо 11,7 миллион еврого сатылды.

1738201
Эйнштейндин  кол жазмасы 11, 7 миллион еврого сатылды

Дүйнөгө белгилүү физик Альберт Эйнштейндин 54 барактан турган кол жазмасы Франциянын борбору Париждеги аукциондо 11,7 миллион еврого сатылды.

Эйнштейн жана анын жакын досу, инженер Мишель Боссо тарабынан 1913 – 1914 - жылдары түзүлгөн жана салыштырмалуулук теориясы боюнча даярдык изилдөөлөрүн камтыган кол жазма Париждеги Christie's аукцион үйүндө сатылды.

Кол жазмасы тууралуу  маалымат берген эксперт Винсент Беллой Эйнштейндин 1919 -  жылдан мурдагы эмгек документтеринин чектүү экендигин, ушул себептен документтин өзгөчө мааниге ээ экендигин айтты.

Беллой : «Эйнштейн абдан аз жазган. Ошондуктан кол жазмасынын сакталып калышы жана бизге келиши аны укмуштуудай кылууда»,- деди.

Аукцион үйү кол жазманын баасын 2 миллиондон 3 миллион еврого чейин баалаган. Сатып алуучунун өздүгү бидирилген жок.

 

 



Тектеш кабарлар