ДССУ Европаны эскертти: «Дагы 700 миң киши каза болушу мүмкүн»

ДССУ билдирүү жасады.

1737894
ДССУ Европаны эскертти: «Дагы 700 миң киши каза болушу мүмкүн»

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европада Ковид-19 учурларынын ылдам көбөйүшү менен жакынкы айларда дагы 700 миң адамдын каза болушу мүмкүн экенин жарыялады.

ДССУ Европанын пандемиянын таасиринен чыга албай жатканын жана эгерде ушундай улана берсе континетте каза болгондодун саны быйыл кышында 2,2 миллиондон аша турганын билдирди.

Ошондой эле 2022-жылдын 31-мартына чейин 53 өлкөнүн 49унда реанимация кызматтарында тыгыздык күтүлгөнү айтылды.

Европада бейтаптардын көбөйүшүнө Делта вариантынын таасири менен биргеликте чектөөлөрдү жеңилдетүү жана социалдык аралык сыяктуу чаралардын кыскартылышы себеп болгону белгиленди.

ДССУнун маалыматына караганда, Ковид-19га байланыштуу өлүмдөр, сентябрдын аягындагы күнүмдүк 2 миң 100 деңгээли эки эсе көбөйүп өткөн аптада күнүмдүк 4 миң 200гө жетти.



Тектеш кабарлар