Пристандагы өрт көп сандаган адамдын өмүрүн алды

Жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор экени айтылды.

1737485
Пристандагы өрт көп сандаган адамдын өмүрүн алды

Батыш Африка өлкөсү Нигериянын Риверс аймагындагы дарыянын пристанында чыккан өрттө 10 киши каза болду.

Улуттук басма сөздүн маалыматына караганда, Риверс облусунун Порт-Харкорт аймагындагы Нембе дарыясынын жээгиндеги пристанда өрт чыкты.

Өрттөн кеминде 10 адам, анын ичинде 4 бала каза болуп, көптөгөн адамдар жаракат алышты.

Жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор экени айтылды.

Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.


Этикеткалар: #пристанда өрт

Тектеш кабарлар