Песков: «Орусия Украинага кол салууну пландабай эле»

Песков борбор шаар Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1737592
Песков: «Орусия Украинага кол салууну пландабай эле»

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, өлкөсүнүн Украинага кол салууну пландабаганын билдирди.

Песков борбор шаар Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Орусиянын Украинага «басып кирүүгө» даярдыгы тууралуу айтылган дооматтарга сереп салды.

АКШ жана Украина басма сөзүндө Орусиянын кол салууга даярданып жатканына байланыштуу дооматтар бар экенине көңүл бурган Песков: «Биз болсо Украинанын чабуулга даярданып жатканын айтып жатабыз. Бул абал туура түшүнүү жана чечмелөө керек болгон айырмачылык»,-деди.

Орусиянын кимдир бирөөгө кол салуу планын даярдабаганын жактаган Песков: «Орусиянын эч кимге кол салбай турганын жана агрессивдүү пландары жок экенин көп жолу айттык. Тескерсин айтып өлкөбүздөгү орус аскерлеринин кыймыл-аракеттерин мындай пландар менен байланыштыруу туура эмес»,-деп билдирди.

Украинанын Донбасска карата кадамдарына болсо тынчсыздангандарын белгилеген Песков: «Минск келишимдерин ишке ашырууда жылыш болбой жатышы Европадагы чыңалган кырдаалды күчөтүүдө»,- деди.



Тектеш кабарлар