Франциянын премьер - министринин Ковид - 19 тести позитив чыкты
Буга чейин Франциянын президенти Еммануэль Макрон жана көптөгөн министрлер да Ковид – 19ду жуктурушкан.
1737452
Франциянын премьер - министри Жан Кастекстин Ковид - 19 тестинин позитив чыккандыгы билдирилди.
Премьер - министрликтен берилген маалыматта Кастекстин 11 жаштагы кызынын вирус жуктурушу менен Ковид - 19 тестинен өткөндүгү белгиленди.
Тесттинин позитив чыгышы менен Кастекстин өзүн карантинге алгандыгы билдирилди. Кастекис кечээ Бельгиянын борбор шаары Брюсселде кесиптеши Александр Де Кро менен жолугушкан. Жан Кастекс Ковид - 19 вакциналарынын баарын алган болчу.
Буга чейин Франциянын президенти Еммануэль Макрон жана көптөгөн министрлер да Ковид – 19ду жуктурушкан.