Кытайдын тышкы иштер министри АКШ-Кытай мамилелери жөнүндө баяндама жасады

South China Morning Post гезитиндеги кабарга караганда министр Ванг Индонезиянын тышкы саясат коому тарабынан уюштурулган онлайн жыйында сөз сүйлөдү.

1737076
Кытайдын тышкы иштер министри АКШ-Кытай мамилелери жөнүндө баяндама жасады

Кытайдын тышкы иштер министри Ван Йи өз өлкөсү менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) ортосундагы атаандаштыкта ​​үчүнчү өлкөлөр тарапты алууга мажбур болбошу керектигин билдирди.

South China Morning Post гезитиндеги кабарга караганда министр Ванг Индонезиянын тышкы саясат коому тарабынан уюштурулган онлайн жыйында сөз сүйлөдү.

Ванг дүйнөнүн тагдыры жана келечеги Вашингтон менен Пекиндин мамилелерин кандай алып барарынан көз каранды экенин белгиледи.

«Байланыштарды бөлүп-жаруу жана атайылап үзүүгө негизделген катаал атаандаштыктын ордуна, үчүнчү өлкөлөр улуу державалар үчүн күрөштө бир тарапка өтүүгө мажбурланбаган, өз ара пайдалуу жана пайда-пайда принцибине негизделген позитивдүү жана жумшак атаандаштык болушу керек»,- деди Ванг Йи.

Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) аймактагы ролун кеңейтүүнү жактаганына көңүл бурган Ванг, экономикалык кызматташтык жана өнүгүү аркылуу аймактын тынчтыгына жана ырааттуулугуна салым кошо турганын жана бардык мамлекеттердин кызыкчылыгына иштээрин маалымдады.

Индо-Тынч океан аймагында кагылышууларды баштоо жана саясий жана аскердик топторду түзүү тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө зыян келтирерин белгилеген Ванг: «Мындай демилгелер эң күчтүү жамааттык бойкотко татыктуу»,-деди.

Ванг ошондой эле Тайвандын эгемендигине каршы чыгуу тынчтык, стабилдүүлүк жана гүлдөп өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтө турганын айтып, АКШны  «Тайвань маселесин Кытайды курчап алуу үчүн пайдаланып жатат»,-деп айыптады.



Тектеш кабарлар