Болгарияда шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты

Alphe Research компаниясынын сурамжылоосуна караганда, президент Радев менен вице-президент Илияна Йотованын дуэти 63,9 пайыз добуш алса, София университетинин ректору, профессор доктор Анастас Герчиков менен полковник Невьяна Митева 33,1 пайыз добуш алды

1736820
Болгарияда шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты

Болгариядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында президент Румен Радев добуш берүү үкөктөрүнүн бейрасмий жыйынтыгы боюнча жеңип чыкты.

Alphe Research компаниясынын сурамжылоосуна караганда, президент Радев менен вице-президент Илияна Йотованын дуэти 63,9 пайыз добуш алса, София университетинин ректору, профессор доктор Анастас Герчиков менен полковник Невьяна Митева 33,1 пайыз добуш алды.

«Мен эч кимди колдобойм» деген вариантка шайлоочулардын 3 пайызы добуш берди.

Катталган 6 миллион 660 миң шайлоочунун 2,5 миллиону гана добуш берсе, шайлоого катышуу 33,7 пайыз деңгээлинде калды.

Биринчи турда Түркиядан 90 миң добуш келсе, экинчи турда добуштардын саны 23 миңдин тегерегинде болду.

Добуш берүү 40,23 пайызды түзгөн биринчи айлампада Радев-Йотова 49,42 пайыз, Герциков-Митева 22,83 пайыздык добуш алган.

Президент Румен Радев шайлоодон кийинки «рекорддук» аз добуш берүү тууралуу биринчи сереп салуусунда: «Жарандар (быйыл 4-жолу шайлоого барышкан) азыр шайлоого катышуудан, айла-амалга кабылуудан жана чыр-чатактарды башкаруудан тажап бүтүштү»,-деди.

Болгарияда 1989-жылы коммунисттик режим кулагандан кийин 2016-жылы эки айлампа менен өткөрүлгөн 8-президенттик шайлоодо Румен Радев 59,4 пайыз добуш менен жеңишке жетишкен. Ага катышуу 51,62 пайызды түзгөн болчу.



Тектеш кабарлар