АКШда унаа элди сүзүп кетти

Ваукеша шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.40 чамасында Рождество парады маалында кызыл унаа элди тебелеп кетти.

1736876
АКШда унаа элди сүзүп кетти

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Висконсин штатында бир унаанын Рождество майрамына арналган парадда элдин арасына кирип кетишинен 5 кишинин каза болгону, 40 кишинин жаракат алганы белгиленди.

Ваукеша шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.40 чамасында Рождество парады маалында кызыл унаа элди тебелеп кетти.

Полициянын билдирүүсүндө окуяда 5 кишинин көз жумганы, арасында жаш балдар да болгон 40 кишинин жаракат алганы кабарланды.

Билдирүүдө полиция унааны токтотуу үчүн ок чыгарганы жана окуядан кийин айдоочунун кармалганы белгиленди.

Окуянын террордук кол салуу экендиги азырынча белгисиз, бирок шаардагы мамлекеттик мектептердин дүйшөмбү күнү жабык болору айтылды.


Этикеткалар: #Рождество майрамын

Тектеш кабарлар