Индияда сел жүрдү
Урандылардын астында калган 10 адамдын куткарылгандыгы билдирилди.
Индиянын түштүгүндөгү Андхра - Прадеш штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, имарат кулап, кеминде 17 адам каза болду.
Штатта 18 - ноябрдан бери жааган жамгырдын кеминде 5 hfqjylj суу ташкынына алып келгени кабарланды.
Полиция кызматкерлери берген билдирүүдө бир имараттын кулашынан кеминде 17 кишинин каза болгону, 2 кишинин е дайынсыз экендиги маалымдалды.
Ошондой эле урандылардын астында калган 10 адамдын куткарылгандыгы билдирилди.
Кечээ таңкы сааттарда селге кабылган автобуста ондогон кишинин каза болгону, топтордун издөө - куткаруу иштерин улантканы белгиленген.
Жетекчилер нөшөрлөп жааган жамгырдан эң көп жабыркаган Кадапа шаарында жергиликтүү аэропорттун 25 - ноябрга чейин жабык болорун билдиришти.
Селден улам жүздөгөн айыл жабыркап, көптөгөн тургундардын үйлөрүнөн чыга албай калгандыгы кабарланды.
Тектеш кабарлар
"Вампир" өлүмчүл бактериялары
Өлүмчүл бактериялардын адамдын каны менен азыктанат деген тыянак чыгарылды.