АКШнын президенти Байдендин саламаттыгы тууралуу дарыгери билдирди
Жо Байдендин дарыгери Кевин О'Коннор пландуу текшерүүдөн кийин Байдендин ден соолугунун «президенттик милдетин орундатууга ылайыктуу» экендигин билдирди.
АКШнын президенти Жо Байдендин дарыгери Кевин О'Коннор пландуу текшерүүдөн кийин Байдендин ден соолугунун «президенттик милдетин орундатууга ылайыктуу» экендигин билдирди. Байден 79 жашына бир күн калганда Уолтер Рид аскердик госпиталына барып, пландуу текшерүүдөн өттү.
Байдендин дарыгери Кевин О'Коннор берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : «Байден 78 жаштагы бир эркекке караганда ден соолугу чың. Байден президенттик милдетин ийгиликтүү орундатууга ылайык абалда»,- деп билдирди.
Бир тараптан О'Коннор Байдендин басышы жана тамагындагы «ачуу» тууралуу анализдердин жасалышын талап кылгандыгын, Байдендин акыркы мезгилдерде басышындагы акырындыктын себеби Байдендин 1 жыл мурда бутун сындырып алганынан болушу мүмүкүн экендигин билдирди.
Байдендин тынымсыз кекиртегин тазалашынын себеби ашказандагы рефлюкс болушу мүмкүн экенин белгилеген О'Коннор Байденге жасалган колоноскопияда коркунучтуу эч нерсенин чыкпагандыгын айтты.
АКШнын тарыхындагы эң картаң президент деген наамга ээ болгон Байден 19 - ноябрь жума күнү эртең менен колоноскопия учурунда наркоздун таасири астында боло турганы үчүн 85 мүнутага вице - президент Камала Харриске өз милдетин өткөрүп берди.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.