Мигранттар Беларусия - Польша чек арасындагы лагерлерин бошотушту

Беларусия - Польша чек арасында Европага көчүүнү каалагандар чек арага курган лагерин толугу менен бошотуп, Беларусия өкмөтү чек ара аймагынын ичинде даярдаган жабык аянтка  көчүштү.

1736057
Мигранттар Беларусия  -  Польша чек арасындагы лагерлерин бошотушту

Беларусия - Польша чек арасында Европага көчүүнү каалагандар чек арага курган лагерин толугу менен бошотуп, Беларусия өкмөтү чек ара аймагынын ичинде даярдаган жабык аянтка  көчүштү.

Беларусиянын Гродно шаарындагы чек араны бойлой Европага көчүүнү көздөгөн адамдар кечээ күнү токой аянтында жана чек ара бекетинде өз мүмкүнчүлүктөрү менен курган лагерлердеги   буюмдарын чогултушту.

Негизинен Ирак, Сирия, Афганистан, Иран жана башка айрым Азия жана Африка өлкөлөрүнөн барган мигранттардан балалуу үй-бүлөлөр биринчи болуп лагерден чыгышты.

Калган аз сандагы кишинин да кечинде лагерден чыгып кетиши менен Польша чек арасына жакын жердеги аянт толугу менен бошотулду.

Беларусия мамлекеттик чек ара комитети чек арадагы лагерде эч ким калбагандыктан, бул аймакта журналисттердин иштей албастыгын, журналисттердин мигранттар отурукташкан логистикалык борбордо ишин уланта аларын жарыялады.

Беларусиянын президенти Александр Лукашенконун көрсөтмөсү менен жакында эле Брузги чек ара аймагындагы логистикалык борбордун жабык аянтына жайгаштырылган мигранттарга медициналык жардам, ысык тамак, суу, гигиеналык каражаттар жана жаздык, жууркан, төшөк сыяктуу негизги муктаждыктар үчүн жардамдар таратылды.

Мигрант топтордун 10 күндөн бери суук абада чатырларда жашагандан кийин борборлордогу жабык аянттарга ылдам түрдө барышы көңүлдөрдү бурду.

Ошол эле учурда Беларусиянын президентинин басма сөз катчысы Наталья Эйсмонт учурда Беларусия аймагында 7 000ге жакын мигранттын бар экенин жана Беларусия -Польша чек арасындагы лагерде 2000дей адам күтүп турганын билдирди. 200 - 500 кишинин Беларусиянын Европага болгон башка чек ара пункттарында экендигин белгилеген Эйсмонт, бул кишилердин Польшанын коопсуздук күчтөрү тарабынан Беларусияга кайра сүрүлгөнүн айтты.



Тектеш кабарлар