Колумбияда болгон селде 18 000дей адам жерлеринен кетти

Канаданын Британ Колумбия аймагындагы суу ташкынынан улам 18 000дей адам үй-жайсыз калды.

1736066
Колумбияда болгон селде 18 000дей адам жерлеринен кетти

Канаданын Британ Колумбия аймагындагы суу ташкынынан улам 18 000дей адам үй-жайсыз калды.

Британ Колумбия өкмөтү миңдеген үйлөрдү жабыркаткан селден улам өзгөчө кырдаал  жарыялады.

Британ Колумбия өкмөтүнүн билдируусундө : "Селдин кесепетинен улам 17 775 адам эвакуацияланды", — деп билдирилди. 

Британ Колумбиясынын премьер-министри Жон Хорган "Штаттык, федералдык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери менен биргеликте апаат менен күрөшүп жатып, адамдардын жана коомдордун жардам  алышына мүмкүнчүлүк түзүү үчүн иштеп жатышат",- деди. 

Британ Колумбиясынын администрациясынын расмий сайтындагы билдирүүдө өзгөчө кырдаал режиминин 14 күнгө созула турганы жана керек болсо дагы узартылышы мүмкүн экендиги ортого салынды. Бул чечим селден жабыркагандарды коргоо жана алардын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн координациялуу  байланышты түзүү  максатында кабыл алынганы айтылды.



Тектеш кабарлар