Австрияда дүйшөмбүдөн тарта коменданттык саат киргизилет

Австриянын канцлери Александр Шалленберг коштогон делегация менен өткөргөн маалымат жыйынында жаңы чечимдерди коомчулук менен бөлүштү.

1736137
Австрияда дүйшөмбүдөн тарта коменданттык саат киргизилет

Австрияда Ковид - 19 эпидемиясынын жаңы түрлөрүнүн санынын көбөйүшүнө байланыштуу дүйшөмбүдөн тарта 20 күнгө коменданттык саат киргизилет.

Австриянын канцлери Александр Шалленберг коштогон делегация менен өткөргөн маалымат жыйынында жаңы чечимдерди коомчулук менен бөлүштү.

Вакцина алган же бул ооруга чалдыккан адамдарга коменданттык саат киргизбөө үчүн чоң аракет кылып жаткандарын баса белгилеген Шалленберг, акыркы чечимдерге карабастан вакцинага болгон кызыгуунун каалаган деңгээлге  жетпегендигин айтты.

Бейтаптардын көбөйүшү жана коменданттык саат чектөө циклинен кутулууну каалашкандарын баса белгилеген Шалленберг : «Кечээ кыйын бир чечимди чыгардык. Жалпы өлкөдө 2022 -жылы 1 -февралдан тарта күчүндө боло тургандай түрдө вакцина мажбурдуулугунун ишке кириши үчүн иштер баштатылды»,- деди.

Шалленберг эпидемияга байланыштуу абалдын олуттуулугу жана саламаттыкты сактоо системасынын сакталышы үчүн штат башчылары жана эксперттер менен жолугушуунун жыйынтыгында өлкө боюнча бардыгын камтыган коменданттык саат чечими кабыл алынганын айтып : «Дүйшөмбүдөн тарта 20 күндүк мөөнөт менен федералдык деңгээлде команданттык саат чектөөсү киргизилет»,- деди.



Тектеш кабарлар