АКШ, Канада жана Мексика лидерери жолугушту

АКШ, Мексика жана Канаданын лидерлери 2016 -жылдан бери өткөрүлгөн биринчи саммитте Ковид- 19, миграция, өнүгүү жана коопсуздук сыяктуу тармактарда кызматташуу маалыматын беришти.

1736050

Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор менен Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо АКШнын президенти Жо Байдендин жетекчилигинде үч тараптуу саммит өткөрүштү.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Түндүк Америка өлкөлөрүнүн лидерлеринин 5 жылдан кийинки биринчи саммитинде өлкөлөр ортосундагы кызматташтык жана бекем байланыштар баса белгиленди.

Лидерлер Ковид-19 менен күрөшүү, глобалдык ден соолукту чыңдоо, атаандаштыкты жөнгө салуу, бирдей өсүү, аймактагы миграция менен күрөшүү сыяктуу маселелерде биргелешкен конкреттүү кадамдарды жасоо боюнча макулдашты.

Глобалдык баңгизат контрабандасы темаларында кадам ташталышы керектиги баса белгиленген жыйында 3 өлкөнүн ортосунда жеткирүү чынжырында координация механизмин түзүү чечими кабыл алынды.

Глобалдык климаттык кризис менен биргеликте күрөшүү үчүн чечим чыгарылган жыйында миграция маселелеринде да айрым түзөтүүлөрдүн алып келиниши керектиги белгиленди.

Тектеш кабарлар