Польша-Беларусь чек арасындагы чыңалуу...

Польшанын Коргоо министрлиги Кузница чек ара бекетинде коопсуздук күчтөрү менен башпаанек издегендердин ортосундагы тирешүүнүн көрүнүштөрүн бөлүштү.

1735525
Польша-Беларусь чек арасындагы чыңалуу...

Польша-Беларусь чек арасында качкындар кризиси уланып жатканда Польшанын чек арачылары суу аткычтар жана көз ачыштыруучу газ менен кийлигишти.

Польшанын Коргоо министрлиги Кузница чек ара бекетинде коопсуздук күчтөрү менен башпаанек издегендердин ортосундагы тирешүүнүн көрүнүштөрүн бөлүштү.

Министрликтин билдирүүсүндө, «Качкындардын Кузница чек ара дарбазасына жасаган чабуулунун мизи кайтарылды. Кол салгандар көбүнчө жаш жигиттер»,-деп айтылды.

Бир тараптан министрлик кол салуулар Беларусь күчтөрүнүн «көзөмөлүндө» ишке ашканын ырастады. Видеолордо башпаанек издегендердин Польшанын коопсуздук күчтөрүнө таш ыргытканы, коопсуздук күчтөрүнүн социалдык окуяларга кийлигишүү куралдары (TOMA) менен кийлигишкени көрүнүп турат.

Польшанын коргоо министри Мариуш Блашчак бул кол салуулар "Беларусь" тарабынан пландалган пропагандалык операция экенин билдирип:«Бүгүнкү чабуулду токтоткон жоокерлерге рахмат. Сиздин аркаңызда Польша дагы эле коопсуз. Учурда чек арада кызмат өтөп жаткан бардык жоокерлерге сыйлыктар берилет. Биз сизге ыраазыбыз. Биз Беларусь режими пландаган пропагандалык операцияга туш болуп жатабыз. Бул жагдайды баалоодо этият болууга кеңеш берем. Чоң жоопкерчиликтин алдында турган жоокерлерибизди колдойлу»,-деди.

Бир тараптан Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен социалдык медиа эсебинен маалымат бөлүшүп, Польша-Беларусь качкындар кризисин Литванын президенти Гитанас Науседа жана Литванын премьер-министри Ингрида Симоните менен бирге баалаганын айтты. Ляйен: «Биз (Беларуска) санкциялар боюнча учурдагы кырдаалды жана кийинки кадамдарды талкууладык. Европа Биримдиги (ЕБ) чек араны башкаруу боюнча кошумча колдоону сунуштады. Биз мүчө мамлекеттер менен биргебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар