ЕП комитети Түркиядагы сириялыктарга 150 миллион евролук колдоону бекитти

Түркиянын болжол менен 3 миллион 700 миң сириялыкты кабыл алганы эске салынган билдирүүдө, бюджеттик өзгөртүүнүн аялуу адамдарга гуманитардык жардамды улантууну максат кылганы белгиленди.

1735725
ЕП комитети Түркиядагы сириялыктарга 150 миллион евролук колдоону бекитти

Европа Парламентинин (ЕП) Бюджет комитети Түркиядагы качкындарга колдоо көрсөтүү үчүн жүргүзүлгөн программага болжол менен 150 миллион евро кошумча каражат бөлүүгө макул болду.

Европа Парламентинин Бюджетти көзөмөлдөө комитети Европа Биримдигинин (ЕБ) 2021 бюджетине өзгөртүү киргизип Түркиядагы сириялык качкындарга кошумча гуманитардык колдоо көрсөтүлүшүн 29 «макул» добушу менен бекиткенин жарыялады.

Түркиянын болжол менен 3 миллион 700 миң сириялыкты кабыл алганы эске салынган билдирүүдө, бюджеттик өзгөртүүнүн аялуу адамдарга гуманитардык жардамды улантууну максат кылганы белгиленди.

Билдирүүдө, аталган түзөтүүнүн негизинде камсыздала турган 150 миллион евролук каражаттын Түркиядагы качкындар үчүн жүргүзүлгөн Социалдык шайкеш жардамы (ESSN) программасынын алкагындагы акчалай колдоону каржылай турганы белгиленди.

Бюджеттик түзөтүүнүн күчүнө кириши үчүн Европа Парламентинин Башкы Ассамблеясында да бекитилиши керек.



Тектеш кабарлар