ЕБ Азербайжан-Армения чек арасындагы абалга тынчсыздануусун билдирди

Шарль Мишелдин Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу кырдаалды талкуулаганы кабарланды.

1735225
ЕБ Азербайжан-Армения чек арасындагы абалга тынчсыздануусун билдирди

Европа Биримдиги (ЕБ) Азербайжан менен Армениянын чек ара аймагындагы соңку кагылышууларга терең тынчсыздануусун билдирди.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелдин кеңсесинен жасалган билдирүүдө, эки өлкөнүн чек арасында адам өлүмүнө себеп болгон кагылышуулардан тынчсыздангандары белгиленди.

Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишелдин Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу кырдаалды талкуулаганы, Мишелдин чыңалууну азайтуу жана ок атууну токтотуу келишимине баш ийүүгө чакырганы белгиленди.

Билдирүүдө Евробиримдик Армения менен Азербайжанды сабырдуулукка, чек арадагы күчтөрүн бири-биринен алыстатууга жана мурда кол коюлган үч тараптуу келишимдерди урматтоого, чек араны белгилүү аракеттери менен катар көйгөйлөрдү комплекстүү чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырганы айтылды.

Армян армиясы, чек арадагы кээ бир бийик жерлерди басып алуу менен дагы ыңгайлуу позицияларга ээ болуу максатында кечээ Лачын жана Келбежер багытында операция баштаган болчу.

Азербайжан армиясы да ушул багытта операция баштап, Армениянын кол салууларына бөгөт койгон.

Орусиянын кийлигишүүсү менен кагылышуулар токтоп, ок атышпоо жарыяланган. 



Тектеш кабарлар