Япония менен АКШ биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүштү

Япониянын деңиз күчтөрү, Түштүк Кытай деңизинде АКШнын деңиз күчтөрү менен биргелешкен аскердик машыгуу өткөргөнүн билдирди.

1734942
Япония менен АКШ биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүштү

Япония менен Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Түштүк Кытай деңизинде "биринчи жолу суу астында жүрүүчү кеме да катышкан" биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүштү.

Япониянын өзүн-өзү коргоо деңиз күчтөрү, Түштүк Кытай деңизинде АКШнын деңиз күчтөрү менен биргелешкен аскердик машыгуу өткөргөнүн билдирди.

Буга ылайык Япония эки эсминец жана бир патрулдук учак менен катышкан машыгууга биринчи жолу Япониянын деңиз күчтөрүнө таандык суу астында жүрүүчү кемеси жиберилди.

Япониянын деңиз күчтөрү, машыгуунун «АКШ менен Япониянын Түштүк Кытай деңизинде суу астында жүрүүчү кеменин катышуусу менен өткөргөн биринчи аскердик машыгуусу» экенине көңүл бурду.

Коомдук телеканал NHK аймактын бардык жеринде суу астындагы кемелерге каршы кыймылдарды камтыган машыгууга Америка Кошмо Штаттарынын бир эсминец жана кайгуул учактары менен катышканын билдирди.

NHK коомдук телеканалы Кытайдын аймактагы аскер күчтөрүнүн көбөйгөнүнө көңүл буруп, биргелешкен машыгуунун Япония-АКШ шериктештигинин алкагында «Эркин жана Ачык Индо-Тынч океан көз карашын» максат кылганын кабарлады.



Тектеш кабарлар