Азербайжан - Армения чек арасындагы кагылышуулар

Россия менен Армениянын Коргоо министрликтери Азербайжан  -  Армения чек арасындагы кагылышуулардын токтогондугун билдирди.

1734911
Азербайжан   -  Армения чек арасындагы кагылышуулар

Россия менен Армениянын Коргоо министрликтери Азербайжан  -  Армения чек арасындагы кагылышуулардын токтогондугун билдирди.

Россиянын коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Азербайжан жана Армениянын чек арасындагы  абалды туруктуулукка жеткирүүгө карата кадамдарды таштагандыгы белгиленди.

Маалыматта : «Азыркы учурда Каракилиседе кагылышуулар токтоду, абал кабылына келди жана көзөмөлгө алынды»,- деп билдирилди.

Армениянын Коргоо министрлиги да берген маалыматында : «Россиянын арачылыгы менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30дан тарта Азербайжан  -  Армения чек арасында ок атышпоо жарыяланды»,- деп билдирилди.

Бир тараптан Россиянын президенти Владимир Путин да Армениянын премьер  - министри Николь Пашинян менен Азербайжан  -  Армения чек арасында болгон чыңалууну карап чыгышты.

Кремлден берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Эки лидер байланыштарды улантуу тууралуу келишти»,- деп билдирилди.

Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу да Азербайжандын Коргоо министри Закир Хасанов жана Армениянын Коргоо министри Сурен Папикян менен Азербайжан  -  Армения чек арасында болгон чыңалуу тууралуу телефондо сүйлөштү.

Орусиянын Коргоо министрлигинен берилген  билдирүүдө сүйлөшүүдө  Азербайжан - Армения чек арасындагы чыңалуунун талкуулангандыгына орун берилип : «Шойгу эки тарапты тең эскалацияга алып келе турган иш - аракеттерди токтотууга чакырды»,- деп билдирилди.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта да абалдын тынчтанышы үчүн Баку жана Ереван менен байланышта экендерин билдирген.

Ошол эле учурда БУУ басма сөз катчысы Фархан Хак Армения менен Азербайжандын ортосундагы чыңалуудан тынчсызданышкандарын белгилеген.

Хак эки өлкөнү  тең 2020 -  жылы 9 -  ноябрь жана 11 -  январда билдирилген маалымат жана келишимге баш ийүү, тынчсызданууларды диалог жолу менен карап чыгуу жана тынчтыкка чакырды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен болсо Азербайжан менен Армениянын ортосундагы кагылышуулардан санааркагандарын, тараптарды чыңалууну азайтууга чакырышкандарын билдирген.

Армения армиясы чек арада айрым дөңсөөлөрдү колго алып, дагы ыңгайлуу позицияларды алуу максатында кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дө Лачын жана Келбежер багытында операция баштаган. Кол салууда Азербайжандын 2 аскери жаракат алган.

Азербайжан армиясы да ошол эле багытта операция баштап, кол салган Армения  аскерлери да кармалды.



Тектеш кабарлар