Лукашенко менен Путиндин сүйлөшүүсү

Беларусь Президенттигинин билдирүүсүндө, эки лидердин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Беларусь-Польша чек арасындагы абал жана Орусия-Беларусь союздук мамлекетинин коргонуу тармагындагы биргелешкен аракеттери талкууланганы айтылды.

1734718
Лукашенко менен Путиндин сүйлөшүүсү

Беларусь президенти Александр Лукашенко менен Орусиянын президенти Владимир Путин Беларусь-Польша чек арасындагы мигранттар кризисин талкуулашты.

Беларусь Президенттигинин билдирүүсүндө, эки лидердин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Беларусь-Польша чек арасындагы абал жана Орусия-Беларусь союздук мамлекетинин коргонуу тармагындагы биргелешкен аракеттери талкууланганы айтылды.

Билдирүүдө Украинадагы абал жана АКШнын Орусия чек аралары менен Кара деңиздеги плансыз аскердик машыгуулары да талкууланганы жана ошондой эле Лукашенконун Германиянын канцлери Ангела Меркель менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу Путинге маалымат бергени белгиленди.



Тектеш кабарлар