Израиль аскерлери ок атып бир палестиналык каза болду

Израиль күчтөрүнүн оккупациядагы Батыш Шериада жүргүзгөн тинтүүсү учурунда чыккан окуяларда чыныгы ок атуусу менен бир палестиналык каза болду.

1734518
Израиль аскерлери ок атып бир палестиналык каза болду

Израиль күчтөрүнүн оккупациядагы Батыш Шериада жүргүзгөн тинтүүсү учурунда чыккан окуяларда чыныгы ок атуусу менен бир палестиналык каза болду.

Көргөн күбөлөр Израиль күчтөрүнүн айрым палестиналыктарды камакка алуу үчүн оккупациядагы Батыш Шериада Тубас шаарында тинтүү жүргүзгөндүгүн билдиришти.

Израиль күчтөрүнүн тинтүүгө каршы чыккан жаштарга чыныгы ок жана көздөн жаш агызуучу газ колдонгондугу, жаштардын да аскерлерге таш ыргытып каршылык көрсөткөндүгү билдирилди.

Көргөн күбөлөр Саддам Бени Авденин бул кагылышууда чыныгы ок менен жаракат алгандыгын жана Тубас түрк мамлекеттик ооруканасына жаткырылгандыгын айтышты.

Тубас түрк мамлекеттик ооруканасынын булактарынан алынган маалыматка караганда Бени Авде сол желкесинен өтүп жүрөгүнө октун тийиши менен каза болду.



Тектеш кабарлар