Чавушоглу Ливанда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Ливандын ырааттуулугу жана коопсуздугу үчүн Ливандын армиясы менен коопсуздук күчтөрүнө колдоо көрсөткөнүн айтты.

1734757
Чавушоглу Ливанда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Ливандын ырааттуулугу жана коопсуздугу үчүн Ливандын армиясы менен коопсуздук күчтөрүнө колдоо көрсөткөнүн айтты.

Чавушоглу расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Ливандын борбор шаары Бейрутта Ливандын тышкы иштер министри Абдуллах Бухабиб менен болгон эки тараптуу жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Чавушоглу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Ливандын президенти Мишель Авн жана Ливандын парламентинин спикери Небих Берри менен да жолукканын белгилеп, Ливан менен «бир география жана тагдырды» бөлүшкөндөрүн баса белгилеп, бул өлкө менен терең, тарыхый, маданий жана карым - катнаштардын бар экенин белгиледи.

Ливандын эгемендигине, коопсуздугуна, ырааттуулугуна жана жыргалчылыгына ар дайым маани бергендерин белгилеген Чавушоглу, Бейрут порту жана Аккардагы жарылуудан кийин Ливанга керектүү колдоолорду жана тилектештикти көрсөткөндөрүн айтты.

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмунун Ливан Убактылуу Күчүнө  кошкон салымын дагы бир жылга узартканын белгилеген Чавушоглу, бул жерде бир фрегаттын да ушул алкакта кызмат кылганын айтты.

Чавушоглу : "Ливан туш болгон кризистерге чечим табуу жана жалпы шайлоону өз убагында өткөрүү үчүн ар бир адам өкмөткө колдоо көрсөтүүсү керек. Маселелердин тез арада чечилишин күтүп жаткан Ливан эли аймактык баалашуулардын беделин төлөбөшү керек»,- деди.

Ливан менен карым - катнаштарды ар тармакта дагы да өнүктүрүүнү каалашкандарын белгилеген Чавушоглу кесиптеши менен туризм, энергетика жана айыл чарбасы баш болгон көптөгөн тармакта карым-катнаштарды кантип жакшыртууну сүйлөшкөндөрүн белгиледи.

Кесиптеши менен болгон жолугушууда аймактык темаларды да сүйлөшкөндөрүн ортого салган Чавушоглу, Сирия кризисинен эң көп жабыр тарткан өлкөлөрдүн Түркия жана Ливан экенин баса белгиледи.

Чавушоглу : «Биз бүгүн сириялыктарды Сирияга кайтаруу боюнча кызматташуубузду ишке ашыруу боюнча макулдаштык»,- деди.

Чавушоглу Ливан менен кээ бир Перс булуңу өлкөлөрүнүн ортосундагы кризиске байланыштуу да баа берип : «Бул маселени  диалогдун негизинде дипломатия жолу менен тез арада чечилишин каалайбыз, Түркия катары бул темада өз милдетибизди аткарууга даярбыз»,-деди.

Жолугушууда аймактык темалардын да сүйлөшүлгөнүн белгилеген Чавушоглу, Палестина темасында Ливан менен биргелешип иштөөнү уланта тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар