Иранда жаратылыш газын керектөө

Ирандын Америка Кошмо Штаттары, Орусия жана Кытайдан кийин бул энергияны эң көп керектеген өлкө болгону белгиленди.

1733878
Иранда жаратылыш газын керектөө

Ирандын мунай министринин орун басары Межид Чегини, өлкөсүндө керектелген жаратылыш газынын көлөмүнүн Европанын 12 өлкөсүнүн керектөөсүнө барабар экенин айтты.

Чегини Ирандын мамлекеттик медиасындагы билдирүүсүндө, жаратылыш газы менен камсыз кылууда 3-орунда турган Ирандын Америка Кошмо Штаттары, Орусия жана Кытайдан кийин бул энергияны эң көп керектеген өлкө болгонун белгиледи.

Межид Чегини: «Өлкөбүздө керектелген жаратылыш газынын көлөмү Европадагы 12 бай өлкөгө барабар. Бул көрсөткүчтөр энергетика жана өзгөчө жаратылыш газын керектөө боюнча тынчсызданууларыбыздын эмне үчүн көбөйүп жатканын көрсөтүп турат»,-деди.

Чегини Иранда жалпы 25 миллион абонент бар экенине жана күн сайын керектелген жаратылыш газынын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 90 миллион метр кубга өсүп 480 миллион метр кубга жеткенине көңүл буруп, ушул себептен электр станцияларына чектөө киргизгендерин жана экспорттолгон жаратылыш газынын көлөмүн да азайта тургандыктарын айтты.



Тектеш кабарлар