Индонезиядагы сел 18 миң адамды көчүрдү

Белуту дарыясы ташкындап, көп сандаган кишинин үйлөрүн суу каптады.

1733251
Индонезиядагы сел 18 миң адамды көчүрдү

Индонезиянын Түндүк Суматра провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында болгон селде 18 миң киши жер которду. 

Белуту дарыясы ташкындап көп сандаган адамдын үйлөрү суу астында калды. 

5 миң 600гө жакын үй-бүлөдөн 18 миң кишинин селден жапа чеккени билдирилсе, селден жабыркагандар үчүн 20 башка лагерь аянты түзүлдү.



Тектеш кабарлар