Францияда Ливия конфеернциясы өтөт
Франциянын борбору Парижде Ливия кризиси менен алектенген өлкөлөрдүн жетекчилери жана расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда эл аралык конференция өтөт.
Франциянын борбору Парижде Ливия кризиси менен алектенген өлкөлөрдүн жетекчилери жана расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда эл аралык конференция өтөт.
Өлкөдөгү шайлоо процесси жана чет элдик жалданма аскерлер сыяктуу темалар күн тартибине коюла турган конференция Франция, Италия жана Германия менен Бириккен Улуттар Уюму жана Ливиянын тең төрагалыгында өткөрүлөт.
Конференцияга АКШнын вице-президенти Камала Харрис жана Египеттин президенти Абдель Фаттах эль-Сиси да катышат.
Конференцияга Россиядан тышкы иштер министри Сергей Лавров катышса, Түркиядан тышкы иштер министринин орун басары, элчи Седат Өнал катышат.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.