Россияда Аскердик сот 4 Крым татар түркүн эркинен ажыратты

Украина парламентинин адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Людмила Денисова соттун  4 кишини террор айыптоосу менен соттогондугун билдирди.

1726744
Россияда  Аскердик сот 4 Крым татар түркүн эркинен ажыратты

Россиянын Ростов-на-Дону шаарындагы Аскердик сот 4 Крым татар түркүн терроризмге айыптап, 12 жылдан 17 жылга чейин эркинен ажыратты.

Украина парламентинин адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Людмила Денисова соттун  4 кишини террор айыптоосу менен соттогондугун билдирди.

Сот Сейитөмер Сейитөмеровду 17 жылга, Осман Сейитөмеровду 14 жылга, Рүстем Сейитмеметовду 13 жылга жана Амет Сүлеймановду 12 жылга эркинен ажыратты.

Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Эмине Жеппар твиттерден  жарым аралда Крым татарларынын системалуу түрдө куугунтукталып жатканын билдирди.

Крым татарларынын абсурд айыптоолор менен узак убакыт камакта камалгандыгын билдирген  Жеппар, соттун мыйзамсыз чечимин айыптагандарын белгиледи.

Жеппар ошондой эле чечимге каршы чыккан 30 активисттин, анын ичинде 2 журналисттин кармалганын билдирди.



Тектеш кабарлар