Россия АКШнын орус дипломаттарын депортациялай тургандыгын билдирди

Россиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова АКШнын келерки айларда 55 орус дипломаты менен административдик-техникалык персоналынын өлкөдөн чыгып кетишин каалай тургандыгын айтты.

1726785
Россия АКШнын орус дипломаттарын депортациялай тургандыгын билдирди

Россиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова АКШнын келерки айларда 55 орус дипломаты менен административдик-техникалык персоналынын өлкөдөн чыгып кетишин каалай тургандыгын, дипломатиялык фронтто абалдын дагы да начарлай тургандыгын билдирди.

Захарова АКШдагы орус дипломатиялык миссияларына карата Вашингтон башкаруусунун мамилеси тууралуу берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Россиядагы АКШ миссияларында 130 кишинин иштегендигин эске салды.

Вашингтондогу Россиянын элчилигинде, Нью – Йорктогу эки консулдукта жана Хьюстондогу миссияда жалпы 200дөн аз кишинин иштегендигин баса белгилеген Захарова : "Вашингтондун биздин 55 дипломатыбызды жана административдик - техникалык персоналдын жакынкы айларда АКШдан чыгып кетүүсүн талап кыларын эске алсак, бул негизинен депортацияга барабар, дипломатиялык фронттогу абал мындан да начарлайт»,- деди.

Захарова АКШнын Россиянын миссияларына жана кызматкерлерине каршы ар кандай душмандык аракетине тез, симметриялуу эмес, пропорционалдуу түрдө жооп берерин баса белгиледи.

Акыркы жолу 2 -августта АКШ өлкөдөгү Россиянын элчилигинде иштеген 24 дипломатты депортациялоо чечимин чыгарган.

Эки өлкөнүн арасында жыл боюнча дипломаттардын депортацияланышы менен 1 -августтан бери да АКШнын Москвадагы элчилиги акыркы 5 жылдык убакытта эң аз кызматкер менен иштөөнү улантууда.



Тектеш кабарлар