Грузияда жергиликтүү шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө

Грузияда шайлоочулар 20  муниципалитет башчысын шайлоо үчүн жергиликтүү шайлоонун экинчи айлампасында добуш беришүүдө.

1726792
Грузияда жергиликтүү шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө

Грузияда шайлоочулар 20  муниципалитет башчысын шайлоо үчүн жергиликтүү шайлоонун экинчи айлампасында добуш беришүүдө.

Шайлоодо борбор шаар Тбилиси жана башка өлкөнүн эң чоң шаарларында жалпысынан бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы менен негизги оппозиция  Бириккен Улуттук Кыймылынын талапкерлери жарышууда.

Өлкөдө алгачкы жыйынтыктар түнкү сааттарда билдирилет.

Грузияда 64  муниципалитет башчысынын белгилениши үчүн  жергиликтүү шайлоонун биринчи айлампасы 2 - октябрда өттү.

Грузиянын Борбордук Шайлоо Комиссиясы жарыялаган расмий жыйынтыкка караганда,  «Грузин кыялы»  партиясы 46,74 пайыз добуш менен биринчи орунду алса, Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили негиздеген оппозициялык Бириккен Улуттук Кыймыл 30,67 пайыз добуш менен экинчи орунга чыккан.

Шайлоо комиссиясы борбор шаар Тбилиси менен кошо жалпы 20 муниципалитетте эч бир талапкердин 50 пайыздык босогодон өтө албаганын жарыялап, бул муниципалитеттер үчүн экинчи айлампанын өткөрүлөрүн жарыялаган.



Тектеш кабарлар