Юпитердин 3D көрүнүшү тартып алынды

Америка Кошмо Штаттарынын Улуттук авиация жана космостук башкармалыгы НАСА Юпитердин тыгыз атмосферасын көрсөткөн бул сүрөттөрдү жарыялады.

1726598
Юпитердин 3D көрүнүшү тартып алынды

Жуно космостук аппараты Юпитердин атмосферасынын 3D сүрөтүн тартып алды.

Америка Кошмо Штаттарынын Улуттук авиация жана космостук башкармалыгы НАСА Юпитердин тыгыз атмосферасын көрсөткөн бул сүрөттөрдү жарыялады.

Ушунун негизинде Күн системасынын бешинчи планетасы Юпитердин атмосферасынын кандай экенин көрсөткөн 3D сүрөтү биринчи жолу жарыяланды.

Изилдөөлөргө караганда Юпитердеги «Чоң кызыл так» деп аталган бороондун 350 - 500 километр тереңдикте экени белгиленди.

Юпитердин үч өлчөмдүү сүрөттөлүшү да ааламдагы башка гиганттык планеталардын атмосферасы тууралуу маалымат бергендиги менен да маанилүү.



Тектеш кабарлар