Австралияда катуу шамал болуп миңдеген үй электрсиз калды

Виктория штатынын өзгөчө кырдаалдар кызматы түн жарымында штаттын көп жерлеринде таасирдүү болгон катуу шамалдан улам 3000ден ашуун жардам чакырыгы келгендигин жарыялады.

1726552
Австралияда катуу шамал болуп миңдеген үй электрсиз калды

Австралиянын Виктория штатында жана штаттын борбору Мельбурн шаарында саатына 122 километрге жеткен катуу шамалдан улам кулаган бак – дарактар зыян келтирген электр зымдарынан улам миңдеген үйгө электр бериле албай жатат.

Виктория штатынын өзгөчө кырдаалдар кызматы түн жарымында штаттын көп жерлеринде таасирдүү болгон катуу шамалдан улам 3000ден ашуун жардам чакырыгы келгендигин жарыялады.

Ылдамдыгы саатына 122 километрге жеткен катуу шамалдан улам кулаган бактар электр зымдарына зыян келтирип, миңдеген үйдүн электр жарыгысыз калганын белгилеген өзгөчө кырдаалдар кызматы, жардам чакырууларынын көбүнүн кулаган дарактар же имараттардын зыян тарткандыгына байланыштуу экендигин  билдирди.

Австралиянын метеорология бюросунан Марк Анолак катуу шамалдын Мельбурндун оң жагындагы Гиппсленд аймагына карай жылышы менен аба ырайынын жакшырганын белгилеп, Франкстон районунда саатына 122 километр ылдамдыкта соккон шамалдын акыркы 15 жылдагы эң күчтүү шамал болгонун айтты.



Тектеш кабарлар