Орусия Эл аралык космос станциясына учкучсуз жүк ташуучу аппаратын жөнөттү

«Прогресс МС-18» жүк ташуучу аппаратынын 30-октябрда саат 04:34тө Эл аралык космос станциясына жетүүсү күтүлүүдө.

1726043
Орусия Эл аралык космос станциясына учкучсуз жүк ташуучу аппаратын жөнөттү

Орусиянын "Прогресс МС-18" учкучсуз жүк ташуучу аппараты, Байконур космодромунан Эл аралык космос станциясына (ЭКС) учурулду.

Казакстандын Байконур космодромунан Түркия убактысы боюнча саат 03:00дө ишке ашкан учуруу Орусиянын Федералдык космос агенттигинин (РОСКОСМОС) расмий сайтында түз эфирде көрсөтүлдү.

560 килограмм күйүүчү май, 420 литр ичүүчү суу жана 1490 килограмм техникалык материалдарды ташыган «Прогресс МС-18» жүк ташуучу аппаратынын 30-октябрда саат 04:34тө Эл аралык космос станциясына жетүүсү күтүлүүдө.

Эл аралык космос станциясы; ROSCOSMOS, Американын авиация жана космос агенттиги (НАСА), Европанын космостук агенттиги (НАСА), Канаданын космос агенттиги (CSA) жана Япониянын космостук изилдөө агенттигинин (JAXA) биргелешкен кызматташуусу менен түзүлгөн.



Тектеш кабарлар