Ирактагы нааразычылык билдирилген шайлоо урналарындагы добуштар кол менен саналууда
Мусул, Вавилон жана борбор шаар Багдатта нааразычылык билдирилген 2 000ден ашуун шайлоо урнасы борбор шаардагы Жашыл аймакта бул иш үчүн бөлүнгөн имаратта кайрадан ачылды.
Ирактын Жогорку Шайлоо Комиссиясы 10 - октябрда электрондук түрдө өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан урналарды кайра ачып, добуштар кол менен саналууда.
Саясий партиялардын Мусул, Вавилон жана борбор шаар Багдатта нааразычылык билдирилген 2 000ден ашуун шайлоо урнасы борбор шаардагы Жашыл аймакта бул иш үчүн бөлүнгөн имаратта кайрадан ачылды.
Кол менен саноо оболу Мусулан келген нааразычылык боюнча ачылган урналарда жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00гө чейин улантылат. Эртең Вавилон жана андан кийин Багдатта жыйынтыктарына нааразычылык билдирилген урналар кайрадан ачылып, добуштар кол менен саналат.
Иракта 10 - октябрда өткөн шайлоодо Садр кыймылынын лидери Муктада Эс - Садр менен байланышы бар топ жеңип чыккан. Так эмес жыйынтыкка ылайык, Садр тобу 325 орундуу парламентке 73 депутатты киргизе алды. Мурдагы премьер-министрлердин бири Нури ел - Маликинин «Мыйзам мамлекети» коалициясы да добуштарын көбөйтүп, 37 мандатка ээ болду.
Ирактын Жогорку Шайлоо Комиссиясы акыркы жыйынтыктарды талашка түшкөн урналарды кол менен саноо аяктагандан кийин жарыялайт.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.