Донбасста жикчилдер ачкан октон бир украин аскери каза болду

Украинанын куралдуу күчтөрү түн жарымынан баштап жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00гө карата жикчилдер ок атышпоо режимин 9 жолу бузганын жарыялады.

1725923
Донбасста жикчилдер ачкан октон бир украин аскери каза болду

Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында жикчилдер ачкан октон бир украин аскери каза болду.

Украинанын Куралдуу күчтөрү түн жарымынан баштап жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00гө карата жикчилдер ок атышпоо режимин 9 жолу бузганын жарыялады.

Билдирүүдө Донбасстын Гранитне, Новотошкивске, Луганске, Лебединске жана Широкине аймактарында жикчилдердин ок чыгарганы, кол салуулардын натыйжасында бир украин аскеринин каза болгону белгиленди.

Баш калаа Киевде мурдагы президент Виктор Януковичтин Евробиримдиктин (ЕБ) ассоциациялык келишимине кол койбой койгондон кийин 2013-жылдын 21-ноябрында демонстрациялар башталган.

Демонстрациялар күчөгөндөн кийин 2014-жылдын февралында Янукович өлкөдөн качып кеткенден кийин, орусиячыл жикчилдер өлкөнүн чыгышындагы Донбасс облусунун Донецк жана Луганск шаарларында өздөрүн эгемендүүбүз деп аташкан.

2014-жылдан бери жикчилдер менен Киев өкмөтүнүн ортосундагы кагылышууларда 13 миңден ашуун адам каза болду.

 



Тектеш кабарлар