Асад Халепке кол салды

Кол салуусунда 1 бала каза болуп, 10го жакын жаран жаракат алды.

1725867
Асад Халепке кол салды

Башар Асад режими жана Иран колдогон террордук топтордун Халептин батышындагы Терманин шаарчасындагы лагерге жасаган кол салуусунда 1 бала каза болуп, 10го жакын жаран жаракат алды. 

Идлиб Жарандык коргонуу  боюнча директору Мустафа Хаж Юсуф, режим күчтөрүнүн Халеп облусундагы  Идлиб чыңалууну азайтуу аймагынын чек араларында жайгашкан Терманин айылындагы жетим үй-бүлөлөр жашаган лагерге ракеталык кол салгандыгын айтты.

Хаж Юсуф кол салууда бир баланын каза болгонун, эң аз 10 жарандын жараланганын белгиледи.

Жаралуулар Жарандык коргонуу топтору тарабынан тегеректеги ооруканаларга жеткирилип,   каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн тынчсыздануулар болууда. 

2020 -  жылдын  5 -  мартындагы Түркия менен Россия түзгөн келишимден кийин ок атышпоо негизинен сакталууда. 

2017-2020-жылдардагы кол салуулардан качкан 2 миллионго жакын жаран Түркия чек арасына жакын аймактарга көчүүгө аргасыз болду.

 



Тектеш кабарлар