АКШ Сенаты Түркия элчисин бекитти

Флейктин жакын арада АКШнын Анкарадагы элчиси Дэвид Саттерфилдден кызматты өткөрүп алышы күтүлүүдө.

1725459
АКШ Сенаты Түркия элчисин бекитти

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден тарабынан өлкөсүнүн Анкара элчиси кызматына сунушталган Жефф Флейк Сенаттын Башкы ассамблеясында бекитилди.

Сенаттын Башкы ассамблеясында өткөрүлгөн оозеки добуш берүүдө Жефф Флейктин Анкара элчилигине талапкерлиги кабыл алынды.

Флейктин жакын арада АКШнын Анкарадагы элчиси Дэвид Саттерфилдден кызматты өткөрүп алышы күтүлүүдө.

АКШнын президенти Байден июлда Флейкти АКШнын Анкарадагы элчиси кызматына көрсөткөн, ал эми Сенаттын тышкы байланыштар комитети 20-октябрда Флейктин талапкерлигин бекитип Сенаттын Башкы ассамблеясында акыркы добуш берүүгө жол ачты.

Республикачы болгонуна карабастан 2020-жылкы президенттик шайлоодо демократ Байденди колдогон Флейк 2013-2019-жылдары АКШ Сенатында Аризона штатынын сенатору болуп иштеген жана 2001-2013-жылдары Өкүлдөр палатасынын мүчөсү болгон.

Флейк мурунку президент Дональд Трамптын жетекчилиги менен Республикалык партиянын Республикалык партиянын саясатынан улам 2019-жылы Сенаттан кеткен болчу. 



Тектеш кабарлар