Япон принцесса Мако турмушка чыкты

Императорлук ыйзам боюнча эл арасынан бирөө менен турмуш курган императорлуктун мүчөсү аял королдук статусун жоготот.

1725332
Япон принцесса Мако турмушка чыкты

Японияда принцесса Мако сүйүктүүсү Комуро Кей  менен турмуш курду.

Киодо агенттигинин кабарына карганда Императордук иштер боюнча агенттик (Кунайчоо) жубайлардын никесине байланыштуу мыйзамдуу документтерди тиешелүү мекемеге тапшырды.

Расмий документтер бекитилгенден кийин 30 жаштагы Мако менен Комуро Кей турмуш куруу үчүн кадам ташташты. Мако Комуро Кейге турмушка чыккандан кийин Комуро Мако ысымын алды.

Императорлук ыйзам боюнча эл арасынан бирөө менен турмуш курган императорлуктун мүчөсү аял королдук статусун жоготот.

Кунайчоо турмуш куруп королдук статусун жоготкон Маконун жуманын ичинде императорлуктан чыгарыларын билдирди. Императорлук турак жайдан кечээ чыккан  Маконун АКШга көчүп кеткенге чейин жубайы менен борбор шаар Токиодо бир батирде жашай тургандыгы билдирилди. Ошондой эле Мако үй  -  бүлөнүн аял мүчөлөрүнө королдук үй  - бүлөдөн кеткенде берилген  150  миллион иенди  да (1, 3  миллион доллар) албайт.



Тектеш кабарлар