БУУ Ооганстанга коңшулаш өлкөлөргө жардамдарды көбөйтүүгө чакырды

БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын (UNHCR) басма сөз катчысы Бабар Балоч БУУнун Швейцариянын Женева кеңсесинде өткөрүлгөн онлайн маалымат жыйынында Ооганстандагы акыркы абалга баа берди.

1725276
БУУ Ооганстанга коңшулаш өлкөлөргө жардамдарды көбөйтүүгө чакырды

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Ооганстанга коңшулаш өлкөлөрдү коопсуздук үчүн чек арадан өтүп жаткан ооган жарандарына жардам көрсөтүүнү күчөтүүгө чакырды.

БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын (UNHCR) басма сөз катчысы Бабар Балоч БУУнун Швейцариянын Женева кеңсесинде өткөрүлгөн онлайн маалымат жыйынында Ооганстандагы акыркы абалга баа берди.

Балоч Пакистан өкмөтү Ооганстандын чек арасынан Пакистанга чек арадан өтүүнү жана азык-түлүк ташууну жеңилдетүү чечимин кубаттай турганын белгиледи.

Балоч, ооган жарандарынын көбү Пакистанга жумалап өтүүчү Чаман-Спин Болдак ашуусун жабуунун көптөгөн аялдар менен балдардан турган баш калкалоочуларды оор абалда калтырганын белгилеп, «Чек арадан өтүүнү жеңилдетүү чечими көп сандагы ооган жарандарын адам аткезчилеринин колуна түшүп калуудан сактап калат»,-деп айтты.

Балоч ооган качкындарынын 90 пайызынын Иран жана Пакистан тарабынан кабыл алынганына көңүл буруп: «Пакистандагы 1 миллион 400 миңден ашуун жана Ирандагы 800 миңдей ооган качкындарын коргоо үчүн көбүрөөк эл аралык колдоо керек. Ооганстанга коңшу өлкөлөр коопсуздук үчүн чек арадан өтүп жаткан ооган жарандарына жардамын күчөтүшү керек»,-деп айтты.

Ооганстанда 18,8 миллион адам катуу ачкачылык кризисинде жашайт.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Талибандын ортосунда 2020-жылдын февраль айында жетишилген тынчтык келишиминин алкагында быйыл эл аралык күчтөрдүн Ооганстандан чыгарылуусу менен башталган процесстен кийин Кабулду курчоого алышкан талибдер 15-августта президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетиши менен борбор шаарды кагылышуусуз түрдө көзөмөлгө алышкан.

Америка Кошмо Штаттары 31-августта Ооганстандан аскерлерин чыгарууну аяктаган.



Тектеш кабарлар