АКШ Суданга карата жардамын токтотту

Америка Кошмо Штаттары Судандагы төңкөрүш аракетине жооп катары бул өлкөгө 700 миллион долларлык жардамдын токтотулганын жарыялады.

1725041
АКШ Суданга карата жардамын токтотту

Америка Кошмо Штаттары Судандагы төңкөрүш аракетине жооп катары бул өлкөгө 700 миллион долларлык жардамдын токтотулганын жарыялады.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Судандагы төңкөрүш аракетине байланыштуу Вашингтондун позициясы тууралуу билдирди. Пресс - катчы Прайс төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүп, жарандык башкаруудагы өткөөл өкмөткө тез арада кайтууга чакырды.

Прайс төңкөрүшкө жооп иретинде Суданга берилген 700 миллион долларлык жардамды токтоткондорун, жарандык башкаруучулардын дароо бошотулушу керектигин жана процессти жакындан иликтей тургандарын айтты.

Нед Прайс төңкөрүш аракетине тиешеси бар адамдардын кылган иштери үчүн жооп берерин баса белгиледи.

Кечээ эртең менен Суданда премьер - министр Абдулла Хамдук жана көптөгөн саясатчы кармалган.

Өлкөнүн бир топ жеринде электр жана интернет линиялары үзүлүп, аскердик күчтөрдүн борбор шаар Хартумдагы радио жана телекөрсөтүү борборуна басып кирип, көп сандаган кызматкерди камакка алганы кабарланды.

Төңкөрүш аракетинен кийин өкмөттүн жарандык канаты жана көптөгөн саясий партиялар элди көчөгө чыгууга чакырып, борбор шаар Хартумдун ар кайсы жерлеринде чогулган миңдеген судандыктар аскердик кийлигишүүгө каршы митинг өткөрүштү.

Судандын Профессионалдык палаталар биримдиги 2018-жылдын декабрь айында «элдик революцияны» жана жарандык башкарууга өтүүнү талап кылып, 2 жумага жакын убакыттан бери көптөгөн шаарларда «төңкөрүштү» жана азыркы жарандык өкмөттү колдогон митингдерди өткөрүп келишкен.

Биримдик буга чейин мурдагы президент Омар ал-Баширдин 30 жылдык бийлигин токтоткон массалык элдик нааразылык акцияларына жол башчылык кылган.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар