Талибан бийлиги Ооганстан боюнча жыйналышка чакырылган жок

Талибандын өкүлү жана убактылуу өкмөттүн маданият министринин орун басарынын милдетин аткаруучу Забихулла Мужахид алар Тегерандагы жолугушууга азырынча чакырыла электигин айтты.

1724430
Талибан бийлиги Ооганстан боюнча жыйналышка чакырылган жок

 

27-октябрда Ирандын борбору Тегеранда өтө турган Ооганстан боюнча жыйынга Ооганстандагы талибдердин башкаруусу чакырылган жок.

Талибандын өкүлү жана убактылуу өкмөттүн маданият министринин орун басарынын милдетин аткаруучу Забихулла Мужахид алар Тегерандагы жолугушууга азырынча чакырыла электигин айтты.

Мужахид жолугушуунун Ооганстанга пайда алып келерин ойлогондорун билдирди.

Бир тараптан Ирандын Кабулдагы элчилиги, Ооганстандын коңшу өлкөлөрү катыша турган жана Тегеран өкмөтү өткөрө турган жыйындын 27-октябрда боло турганын жарыялады.

Жыйынга Пакистан, Кытай, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусиядан өкүлдөр келери күтүлүүдө, ал эми жыйналышта Ооганстанда инклюзивдүү улуттук өкмөттү түзүү жана согушту токтотуу маселелери талкууланат.

20 -октябрда Орусиянын борбор шаары Москва тарабынан уюштурулган, "Москва форматында" Ооганстан маселеси боюнча жыйын өттү.

Ал жыйынга Орусия, Түркмөнстан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, ошондой эле Тажикстан, Пакистан, Кытай, Индия жана Ирандын өкүлдөрү катышкан.

Ооганстанда Талибан тарабынан түзүлгөн убактылуу өкмөттүн вице-премьер-министри Абдул Салам Ханефи жетектеген делегация да катышкан жыйында Ооганстандын жаңы бийлигине «камтыган өкмөт» түзүүгө чакырык жасалган болчу.



Тектеш кабарлар