Ирак Сирия чек арасына коопсуздук тосмосун курду

Ирак армиясынын басма сөз катчысы Яхя Ресул расмий маалымат агенттиги INAга берген маалыматында Сириядагы террордук уюмдардын  өлкөсү үчүн коркунуч туудурганын белгиледи.

1723222
Ирак Сирия чек арасына  коопсуздук тосмосун курду

Ирак армиясы өлкөгө террористтердин киришине бөгөт коюу үчүн Сирия чек арасына тикендүү зым жана байкоо мунараларынан турган 650 километрдик коопсуздук тосмосун кургандыгын жарыялады. 

Ирак армиясынын басма сөз катчысы Яхя Ресул расмий маалымат агенттиги INAга берген маалыматында Сириядагы террордук уюмдардын  өлкөсү үчүн коркунуч туудурганын белгиледи.

Басма сөз катчысы Ресул Сирия тарап менен бирге күзөт мунаралары, жылуулук камералары жана тикенек зымдардан турган 650 километрдик коопсуздук тосмосун бүтүргөндөрүн баса белгиледи.

Ирак коопсуздук күчтөрүнүн өлкөнүн чек араларын жакшы коргогондорун билдирген Ресул, Ирак - Сирия чек арасын толугу менен көзөмөлгө алууну жана террористтердин Иракка киришине бөгөт коюну каалагандарын айтты.

 

 



Тектеш кабарлар