Африка Биримдиги күчтөрү Сомалиде 4 жаранды өлтүргөндүгүн кабыл алды

Африка Биримдигинин Сомали миссиясында 5 өлкөдөн 20 000ге жакын аскер кызмат кылууда.

1723560
Африка Биримдиги күчтөрү Сомалиде 4 жаранды өлтүргөндүгүн кабыл алды

Африка Биримдигинин Сомали миссиясы Сомалиде 10 -  августта Еш – Шебабга карата жүргүзүлгөн операцияда аскерлеринин 7 жаранды өлтүргөндүгүн кабыл алды.

Африка Биримдигинин Сомали миссиясынан берилген маалыматта Сомали өкмөтүнүн бул операцияда 7 жарандын каза болгондугуна байланыштуу билдирүүсүнөн кийин башталган тергөө иштеринде окуянын ырасталгандыгы билдирилди.

Билдирүүдө Голвейн аймагындагы кагылышууда Африка Биримдигинин Сомали миссиясы аскеринин каза болгондугу жана жаралангандыгы маалымдалып, жооптуу аскерлердин жоопко тартыла турганы баса белгиленди.

Маалыматта өзгөчө Африка Биримдигинин Сомали миссиясынын болгон окуялардын бардык жоопкерчилигин алгандыгы жана кагылышуудагы аскерлердин Уганда жараны экендиги билдирилди.

Африка Биримдигинин Сомали миссиясында 5 өлкөдөн 20 000ге жакын аскер кызмат кылууда.



Тектеш кабарлар