Германияда түрк жашаган үйдү өрттөө аракети болду

Окуяда жеңил жаракат алгандыгы белгиленген 48 жаштагы үйдө жашаган ижарачы  өз мүмкүнчүлүгү менен өрттү өчүрүп полицияга телефон чалгандыгы билдирилди.

1722752
Германияда түрк жашаган үйдү өрттөө аракети болду

Германиянын Солинген шаарында бир түрк жашаган үйгө ким экени белгисиз кишилер  молотов коктейлин ыргытып өрттө аракетинде болду.

Прокуратура жана полиция жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө адам өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча териштирүү башталганын жарыялашып, окуя тууралуу коомчулуктан жардам сурашты.

Маалыматта Шверт проспектиндеги бир үйдүн балконуна жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:00 чамаларында ичинде күйүүчү суюк май болгон шишенин ыргытылгандыгы белгиленди.

Окуяда жеңил жаракат алгандыгы белгиленген 48 жаштагы үйдө жашаган ижарачы  өз мүмкүнчүлүгү менен өрттү өчүрүп полицияга телефон чалгандыгы билдирилген маалыматта, Вуппертал прокуратурасы жана полициясы киши өлтүрүү боюнча тергөө ишин баштагандыгы жарыяланды.

1993 -  жылы 29 -  майда Германиянын Силнген шаарында Мелүде жана Дурмуш Генч үй  - бүлөсүнүн үйү расисттер тарабынан өрттөлгөн жана 5 адам каза болгон.



Тектеш кабарлар