БУУ : "Сириянын түндүк - батышында кагылышуулар көбөйүп баратат"

БУУ Сириянын түндүк батышында 2020 -  жыл март айындагы ок атышпоодон кийинки кагылышуулардын акыркы айларда күч ала баштагандыгы тууралуу эскертти.

1722911

БУУнун башкы катчысынын маалымат катчыларынан Фархан Хак Сириянын түндүк  - батышында болуп жаткан жана барган сайын көбөйүп бараткан кагылышуулардан тынчсыздангандарын белгиледи.

Шейшемби күнү Идлибдеги артиллериялык атууда бир жарандын каза болгонун жана 4 адамдын жаракат алгандыгын айткан Хак Идлибдин түрдүү жерлеринде жана Халептин батышында да кагылышуулардын болгондугун билдирди.

Идлибдин түштүгүндөгү Ариха шаарчасына карата артиллериялык аткылоодон элдин да жабыркаганын белгилеген Хак, Сириянын түндүк - батышында 2020 – жыл март айында ок атууну токтотуудан кийин, акыркы айларда кагылышуулардын көбөйө баштагандыгын эскертти.

Сириядагы бардык зомбулуктарды айыптаган Хак бардык тараптарды эл аралык адамзаттык мыйзамдарды сыйлоого жана жарандар менен жарандык инфраструктараларга кол салуудан алыс болууга чакырды.

Тектеш кабарлар