100 миллион жылдык краб табылды

Илимпоздор янтарьдан 100 миллион жылдык деп эсептелген кичинекей крабды табышты.

1723040
100 миллион жылдык краб табылды

Динозавр доорунда жашаган деп эсептелген кичинекей краб табылды.

Кытайлык, америкалык жана канадалык окумуштуулар Түндүк Мьянмадан келген янтарьдан 100 миллион жылдык деп эсептелген кичинекей крабды табышты.

Динозаврлар менен жашагандыгы билдирилген кичинекей крабга Cretapsara athanata деген ат берилди.

100 миллион жылдык жандык сырткы көрүнүшү менен бүгүн жээкте жүргөн крабдарга окшош.

Изилдөөчүлөр Кретапсаранын токойдун түбүндө таза сууда жашаган болушу мүмкүн деп божомолдошууда.

Гарвард университетинин Организм жана эволюциялык биология бөлүмүнүн илимий кызматкери Хавьер Луке: «Үлгү ​​укмуштуудай, өз түрүнүн жалгыз үлгүсү», -деди.



Тектеш кабарлар